Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, 21-июль күнү Биринчи Май РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда «Фыртына Иншаат» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору 2019-жылдын 2-октябрында 5 кабаттуу үй куруп берем деп арыз ээсинен 18 миң 500 долларын алып, анын 14 миң 300 долларын кайтарып бере электигин жазган. Ал эми көп кабаттуу үйдүн курулушу токтоп калганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси «алдамчылык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Ал 1986-жылы туулган К.М. аттуу Түрк жараны болуп чыккан, ал кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүгө карата алдамчылык боюнча дагы башка ушул сыяктуу фактылар бар.

Милиция сүрөттөгү шектүүнүн кылмыштуу аракетинен жабыркаган жарандарды кайрылууга чакырат. Байланыш телефондор: 0(555) 22-55-99, 0 (702) 02-01-94