Баткен облусунун Лейлек районунун Голбо айылындагы жаңы мектептин курулушу жаңы окуу жылдын башталышына карата бүткѳрүлѳт. Учурда объекттин даярдыгы 90% ды түзөт. Подряддык уюм тарабынан аймактын ички жасалгалары жана көрктөндүрүү боюнча иштер аяктоодо.

Белгилесек, жаңы мектеп 275 окуучулук орунга эсептелген, анын сметалык наркы 931 320 АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгѳ, Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 484 286,4 АКШ долларын каржылады. Мектептин жаңы форматта курулуда, анда окутуу үчүн бардык шарттарды камтыйт. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары болот.