23-августтан 23-сентябрга чейин Төө-Ашуу ашуусундагы туннелде желдетүү системасын оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул убакта Көлбаев туннели аркылуу өтүүгө чектөө киргизилет. Туннель күн сайын саат 7.00дөн 8.30га чейин жана 14.00дөн 15.30га чейин жабык болот.