Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, шаардык сот түшкөн арызды карап чыгып, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Төрөбай Зулпукаровду камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын узарткан. Тактап айтканда, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин.

Белгилүү болгондой, “Кумтөр” иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган.