Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинфестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланыштуу жаӊы эл аралык долбоорду (Стамбул ш., Түркия) презентациялоо үчүн «Даӊазалуу доор» телесериалы боюнча кеӊири таанылган белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли Бишкекке келет. Бул тууралуу кинфестивалдын уюштуруучулары кабарлады.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган маалымат жыйын болуп, жабык гала сый тамак берилмекчи.

«Мерьем Узерлиден тышкары, белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманн, фестивалдын аткаруучу директору Джордж Шамшум, продюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт — Мерал Мелика Дюрандын да келүүсү күтүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Мерьем Узерли 2019-жылы Азиялык Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунда төрагалык кылган, ал ошондой эле Жан Марк Валле, Сергей Бодров, “Крестный отецтин” продюсери Ал Ради, актриса Люси Лю, Марвелдин бардык фильмдеринин кастинг директору Сара Финн жана башка көптөгөн атактуу кино ишмерлери менен катар уюштуруучу кеңештин курамында.

Фестивалдын өнөктөшү – беш жыл катар менен “Алтын Глобус” көрүнүктүү сыйлыгы аземин уюштуруучу Чет элдик Прессанын Голливуддук ассоциациясы.

Эскерте кетсек, Азиялык эл аралык кинофестиваль коомдук ишмер, учурда Франциядагы элчи жана ЮНЕСКОнун толук укуктуу өкүлү Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы Лос-Анджелесте негизделген. Кинофестивалга ишкер жана филантроп Шухрат Ибрагимов 2019-жылдан бери төрагалык кылып келет