Өткөн аптада Кабул аэропортуна келип түшкөн жана украин жарандарын Ооганстандан эвакуациялоону көздөгөн украин учагы белгисиз бирөөлөр тарабынан барымтага алынган. Уурдалган учак Иранга барып конгон. Бул тууралуу бүгүн, 24 -августта өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Евгений Йенин украиналык «Коомдук радиого» билдирди.

«Өткөн жекшембиде биздин учакты башка адамдар барымтага алышты. Шейшемби күнү биздин учак чындыгында уурдалды, ал украиндерди алып кетүүнүн ордуна бортунда белгисиз жүргүнчүлөр тобу менен Иранга учуп кетти », — деди ал.

Йенин ошондой эле Афганистандан украин жарандарын эвакуациялоонун мурунку үч аракети ийгиликсиз аяктаганын кошумчалады, анткени алар Кабул аэропортунун аймагына кире алган эмес.

Ошол эле учурда Украинанын Тышкы иштер министринин орун басары белгисиздер куралчан экенин кошумчалады, бирок украин учагынын мындан аркы тагдыры жана Киевдин бул кырдаалда мындан аркы аракеттери тууралуу эч нерсе айткан жок.