Активист Наристе Калчаев  2013 -жылы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Темир Сариев «Кумтөрдүн» «адвокаты»  болгон дейт. Мындай  пикирин  Калчаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жасаган видео кайрылуусунда билдирди.

«Динара Асиевна Кутманова мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болуп турганда улуттук кызыкчылыктарды биринчи орунга койгонун баары билет.

Мамлекеттик комиссиянын 2013 -жылдагы иш боюнча отчетундагы ЖКнын стенограммасында бул факт баарына түшүнүктүү болгон.

Андан кийин Темир Сариев Динара Кутманованын экологиялык мыйзам бузууларын изилдөөнүн жыйынтыгын негизги баяндамага киргизбей, Центерранын адвокаты болуп иштеген.

Андан кийин активист Наристе Калчаев бул отчет боюнча Темир Сариевге каршы сүйлөдү.

Ким ким экенин кыргыз эли билсин!»,- дейт активист.