Бишкек шаардык сотунун жанында мурдагы премьер -министр Темир Сариевди колдогон тынчтык митингинин катышуучуларынын саны көбөйүүдө.

Саясатчыны колдоо үчүн 400гө жакын адам келген. Бүгүн экинчи сотто Темир Сариевдин адвокаттарынын райондук соттун камакка алуу чечимине каршы даттануусу каралат.

Митингчилер Темир Сариевдин кармалышын саясий куугунтук деп эсептешет.

«Сот адилеттүү чечим чыгарып, экс-премьердин адвокаттарынын даттануусун канааттандырышы керек. Ал камактан бошотулушу керек ”, — дешет тарапташтары.

Эске салсак, Темир Сариев Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иши боюнча УКМКнын тергөө иштеринин алкагында камакка алынган. Ага кендеги экологиялык зыяндын өлчөмүн баалоодо айып тагылган. Анын адвокаттарынын айтымында, мындай айыптоо акылга сыйбаган нерсе, анткени, «Кумтөрдүн» ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы болуп турганда Темир Сариев жеке чечим кабыл ала алган эмес. Комиссия — коллегиалдуу орган ага — чиновниктер, депутаттар, адистер анын ичинде экологдор  кирген, деп эсептешет.