Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ, 24-августта мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Түндүк Кипрдин экономика жана энергетика боюнча вице-премьер-министри Эрхан Арыклы жана Biotrend Energy компаниясынын президенти Илхан Доган баштаган түркиялык делегация менен жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташуу туурасында сөз болду.

Ал эми Biotrend Energy компаниясынын адистери Ош шаарында жайгашкан таштанды полигонуна барып, жеринен көрүп келишти. Бир айдын ичинде завод куруу долбоорунун келишими даярдалып, бир айдан алты ай аралыгында толук иштөө мүмкүнчүлүгү жаралат деп билдиришти.

Жолугушуу «Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюу менен жыйынтыкталды.

Документке Алмаз Мамбетов жана Biotrend Energy түрк компаниясынын президенти Илхан Доган кол коюшту.