Экс-премьер-министр Темир Сариев камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, сот саясатчынын жактоочусунун даттануу арызын канааттандырган жок, натыйжада буга чейин чыккан чечим өзгөртүүсүз калтырылган.

Эске салсак, Темир Сариев 3-августта «Кумтөр» иши боюнча УКМК тарабынан кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин камакта калтырылган. Атайын кызмат Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.