Бүгүн, 25 -августта Соода -өнөр жай палатасында Татарстандын бизнес өкүлдөрүнүн Кыргызстандын ишкерлери менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аталган палатанын басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга өндүрүш жана курулуш жабдуулар, өндүрүмдүн сертификациясы, токой чарба, суу жана газ менен камсыздоо, металлургия жана тоо-кен, токой жана курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу, кир жуучу жана косметикалык каражаттар сыяктуу ар кандай тармактарда иш алып барган 20дан ашык компаниянын өкүлдөрү катышты.

Татарстандын ишкерлери ата мекендик өнөктөштөр менен байланышты жөнгө салып, эки тараптуу пайдалуу келишимдерди түзүүгө кызыкдар.

Орусия тарап ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен 27-августта Бишкекте өтө турган бизнес-форумга да катышат.