Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык боюнча комиссиясынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө үч Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2 Жарлыгы 548 адамды (399 – чоң киши жана 149 – бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы менен 102 адамды (83 – чоң киши жана 19 – бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө. Бардыгы болуп 650 адам (482 – чоң киши жана 168– бала).