Кыргызстандагы кен байлыктарды пайдаланууга укук берүүнүн жаңы тартиби боюнча министрлер кабинетинин чечими бекитилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул президенттин «КРдин кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыгынын жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруунун алкагында болгону айтылды. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

«Документ конкурстук жана аукцион аянтчаларында 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилер, мамлекеттик ишканалар үчүн жер казынасын геологиялык чалгындоо, иштетүү үчүн лицензия алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган», — деп айтылган маалыматта.

Кен байлыкты пайдалануу укугун берүү тартиби 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү юридикалык жактарга артыкчылыктуу укуктарды берүү нормаларын карайт. Андан улам аталган чөйрөдөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилерге жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:

— мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;

— жер казынасынын аукциондук участоктору.

Токтомдун толук мазмуну менен өкмөттүн сайтынан таанышууга болот.