Пакистандын бардык жарандары Кыргызстанга келердин алдында өз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, пакистандыктар өлкөсүндө Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer жана “Спутник-V” вакцинасын алат. Аталган маалымат Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан тастыкталган.

Мындан сырткары, Кыргызстанга кирүү үчүн чет элдик жаранда акыркы 72 саатта өткөн ПЧР-тесттин жыйынтыгы милдеттүү түрдө болушу керек. Ошондой эле өлкө аймагына кирүүдө жарандар тиешелүү текшерүүдөн өтүшөт.

Маалым болгондой, буга чейин бишкектиктер акыркы убакта шаардын көчөлөрүндө узун көйнөк  кийген эркектер көп пайда болгонун билдиришкен.

Өз кезегинде, УКМКнын чек ара кызматы Ооганстандан келген качкындар Кыргыз Республикасына массалык түрдө келип жатат деген социалдык тармактарда тараган маалыматты четке какты.