Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүнү чечкен кыргызстандык суучул Владислав Шулико 110 чакырым аралыкты артта калытырды.

Уюштуруучулардын айтымында, Владислав өзүн жакшы сезип жатат. Сууда сүзүүнү толугу менен ӨКМдин куткаруучулары моторлуу кайыктарда коштоп жүрүшөт жана бүт процесс социалдык тармактарда түз көрсөтүлүүдө.

Эске салсак, кыргызстандык сүзүүнү 22 -август күнү эртең менен Каракол пристанынан баштаган. Ал жерден Балыкчыга карай чыккан. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери 180 чакырымды басып өтүшү керек, ал эми сүзүү аба ырайына жараша болжол менен 4-5 күнгө созулат.