Сүрөтчү Таалайбек Усубалиев Kaktus.media сайтына сенсациялуу «Ата-Бейит» сүрөтүнүн маанисин түшүндүрдү.

Сүрөтчүнүн айтымында, ал сүрөттө оң маанини койгон. Бардык президенттерди бир сүрөттө чагылдыргандыктан, аларды өлкөнүн келечеги үчүн биримдикке жана тынчтыкка чакыргысы келген.

«Ата-Бейит»-ар бир кыргыз жараны үчүн ыйык жер, мен кыргыздарга тарыхыбызды, биздин ата-бабаларыбыз республика үчүн кантип күрөшкөнүн эстетүү үчүн ушул жерди сүрөттөөнү чечтим — деген.

«Бардык президенттер биздин өлкө үчүн жооптуу экенин жана Кыргызстандын келечеги үчүн биригиши керектигин эске салуу үчүн бир сүрөттө чагылдырылган. Мен бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакыргым келди, акыры биз үч революцияны баштан өткөрдүк» — дейт сүрөтчү.

«Ал эми сүрөттүн каармандарына келсек, мен аларды сүрөтчү катары кандай көрсөм ошондой чагылдыргам. Кээ бирөөлөр бирөөнүн буту кыйшык болчу  деп мени жемеледи, бирок мен аларды түз кылып көрсөттүм. Бирок бул сүрөтчү катары менин чечимим. Роза Отунбаева баарынан алдыда жана бул жөн жерден эмес. Муну менен мен биздин салт боюнча аялдарга урмат -сый менен мамиле кылуу керек экенин көрсөткүм келди. Алар ошондой эле Садыр Жапаров башкалардан айырмаланып, алдыга караганына көңүл бурушту. Бул анын азыр бийликте экенин жана келечектен үмүтү бар экенин көрсөтүп турат. Башка лидерлердин баары ылдый карашат, анткени алардын мөөнөтү өтүп кеткен.

Чынын айтсам, бул сүрөттө Кыргызстандын жаназасын көргөндөр мен үчүн күтүүсүз болду. Жок, бул жаназа эмес, бул жөн гана тынчтыкка жана биримдикке чакыруу. Мен так ушундай маанини киргиздим», — деди сүрөтчү.

Таалайбек Усубалиев картинанын үстүндө бир жылдан ашык иштеген.

Эске салсак, 24 -августта Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде, «Жаңы социалисттик реализм — 2» көргөзмөсүн ачылды. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган сүрөт, өлкөнүн бардык президенттери мемориалдык гүлчамбар алдында бир катарда туруп, фондо Кыргызстан боз түстө чагылдырылган «Ата-Бейит» сүрөтү болду.