Баткен облусунун Лейлек районундагы Кожо-Бакырган-Сай дарыясына Лейлек суу сактагычын куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталына жарыяланды .
Ага ылайык, Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин суу-чарба объекттерин куруу дирекциясы 25-августта суу сактагычтын долбоордук-изилдөө иштерине тендер жарыялаган. Иштин баштапкы суммасы 180 млн сом деп эсептелген.
Тендер боюнча арыздар 16-сентябрга чейин кабыл алынат.
Куруп бүтүү мөөнөтү 2023-жылдын 1-августуна белгиленген.
Маалым болгондой, аталган дарыяга суу сактагыч куруу буга чейин да айтылып келген.