Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөзкызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар темалар талкууланды, анын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, калкты COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү, COVAX механизминин жана башка эл аралык долбоорлордун алкагында вакциналар менен пландуу камсыздоо талкууланды.

Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооруп жаткандардын күнүмдүк катталган санынын азайышы боюнча оң тенденцияны белгиледи, бирок ошол эле учурда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин милдеттүү түрдө сакталышын эске салды.

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузгандарды аныктоо боюнча рейддерди улантуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата маданий иш-чараларды өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу COVID-19 пандемиясынан коргонуу шарттарын так сактоону камсыздоо тапшырылды.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары коллективдик иммунитетти калыптандыруу үчүн эмдөөнүн темпин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Республикалык штабдын мүчөлөрү тарабынан өлкөдө 1-10-сентябрда COVID-19га каршы эмдөө боюнча жалпы акция өткөрүү сунушталды.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте эл аралык уюмдар менен COVID-19га каршы вакциналарды бекер алуу боюнча ишти улантуу тапшырылды.