ИИМдин Ички аскерлеринин 80 жылдык юбилейине ортоктош болуу үчүн өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы, президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин өзү келип, күжүрмөн тууну тапшырып кетиши Ички аскерлердин жалпы түзүмүнө шык берип, демине дем кошту десем жаңылышпайм.

Кол башчыбыз Садыр Жапаров, “Ички аскерлердин өзгөчө  шарттардагы эмгегин эске алуу менен ушул жылдын сентябрынан тарта өтөгөн кызматынын 1 жылы 1,5 жылга, Баткен областында кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын 1 жылы 2 жыл деп эсептелинет”- деген чечими биз үчүн кубанычтуу кабарлардын бири болду десем жаңылышпайм.

Аскер кызматкерлеринин мекенге кызмат өтөөсүнө жакшы шарт түзүп берип жаткандыгы үчүн президентибиз Садыр Жапаровго терең ыраазычылыгымды билдирем. Буга чейин өлкөнүн коопсуздугу үчүн кызмат өтөп келген Ички аскерлердин аскер кызматкерлери мындан кийин да,  Мекенди көздүн карегиндей сактап, мекен үчүн ак кызматын өтөй берет деп кол башчы катары айтып кетет элем.

 

Исламбек Кенжекулов,

ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы