Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Мамбетовдун талапкерлиги үчүн 43 депутат «макул», экөө «каршы» добуш берген.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-августта Ош шаардык кеңешинин жыйыны болуп, анда мэрдин талапкерлиги каралды. Жыйынга катышкан 45 депутаттын 43ү Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин колдосо, экөө каршы болду.

Эске салсак, Мамбетов 2021-жылдын 2-августунан бери Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан.