Бүгүн, 26-августта Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.

Жыйынга алгач 44 депутат келген. Кийинчерээк дагы бир депутат кошулуп, жалпы 45 депутат толук катышты.

Жыйынтыгында 45 депутаттын 43ү Айбек Жунушалиевдин кызматка дайындалуусуна «макул» деп добуш беришти.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри кызматына Айбек Жунушалиевдин талапкерлигин көпчүлүк коалиция жана Министрлер кабинети сунуштаган.