Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов менен Тажикстан Республикасынын Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджувонов менен биргелешип сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Лейлек районунун Жаны-Жер айыл аймагы менен Тажикстан Республикасынын Гафуров району менен чектешкен аймактарда, башкача айтканда эки мамлекетти бөлүп турган Худжанд-Канибадам автожолунун 7 км чейинки аралыкта милиция кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар 24-августтан баштап жүрө баштады.

Эки элдин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулукту болтурбоо максатында уюшулган кайгуулдар 2 маршрутта чыгып, эрте мененки саат 9.00 – 18.00гө чейинки аралыкта иш алып барышат.

Лейлек районунун Арка-2, Борбордук айылдары Тажикстан  Республикасынын Согди облусунун Гафуров районунун Хистоварс айылы менен чектешет. Бул аймактарда негизинен кылмыштуулуктун  уурулук, автотранспорт каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу түрлөрү көп катталат. Уурулук негизинен чектеш аймактардагы дүкөндөрдөгү тамак-аш, буюмдардын уурдалуусу көйгөй жаратып келет.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы