Кыргыздын улуттук театры менен киносунун жаркын таланттарынын бири Советбек Жумадылов тууралуу Жаныш Кулмамбетодун монографиясы басмадан чыгып жатат. Төмөндө ушул китептен үзүндү жарыялайбыз.

Советбек Жумадылов…

ХХ кылымдагы кыргыздын мимесис моделиндеги европалык типтеги улуттук театры менен киносунун теңдешсиз таланттарынын бири экенин анын чыгармачылыгы менен тааныш болгондордун ким-кимиси болбосун мойнуна алат. Өткөн жүз жылдыктын алтымышынчы жылдарынан тартып, СССР кулаганга чейики отуз жылдын аралыгында тартылган кыргыз кинолорунун дээрлик баардыгында Советбек  Жумадылов бар. Тим эле бар эмес, болгондо да кайталангыс образдары менен, ошол кездеги замандаштарынын, ал түгүл ушул бүгүн да адамдын акыл-эсин бүтүндөй ээлеп ала турган кудуретке ээ. Орошон таланттын комедиялык, юморлуу, а кээде сатиралуу Шараф, Алым, Ормотой, Абдысы; психологиялык жактан өтө ынанымдуу иштелген, социалдык статусттары жаземделбей так сакталган Жарасбай, Байзак, врач, райкомдун катчысы, Бостону — өтө контрастуу чагылдырылган кейипкерлери, улуттук көркөм маданияттын көөнөргүс байлыгы  болуп саналат.

 

Ошол эле  учурда  театрда бул кайталангыс талант жараткан жаркын образдар: Мырзакул, Войницкий, Эзоп, Омор Хаям, Подколёсин, Маке чал, Ашырбай, Мамбет, Ашпозчу, Мадаминбек, Ричард III, Едигей Жангелдин… кыргыз сахна искусствосунун тарыхына түбөлүккө кирген этаптуу көркөм кубулуштар экенин, өз мезгилиндеги коллегалары кандай билген болушса, азыр да күнү бүгүнкүдөй, ошол кыябынан кенедей да төмөндөбөй, адистер тарабынан бааланып келе жатат.

 

Учурунда дүйнөлүк кинематографтын алптарынын бири “Япон киносунун императору” атанган, Күн Чыгыш өлкөсүнүн киносун планетага тааныткан кинорежиссёр Акира Куросава* ”Дерзу Узала” фильмине тартылууга Кыргызстандан эки гана актёрду – Сүймөнкул Чокморов менен Советбек Жумадыловду чакырган. Бул факты С. Жумадыловдун чыгармачылык масштабынын канчалык бийик экенин эң айкын күбөсү болуп саналат.

 

Жарасбай Ормотой

Советбек Жумадылов Кыргызстандан тышкаары Өзбекстан, Казакстан, Башкыртстан сыяктуу республикалардын киноустаттарынын чакыруусу менен далай ирээт фильмдерге, башкы жана борбордук ролдорго тартылган. Таланты кыргыз элинен сырткаары мындай урматтоого ээ болгон Алатоолук артисттер ал учурда төртөө – бешөө  гана болгон — Сүймөнкул Чокморов, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Чоробек Думанаев.

Мына ушундай атагы алыска кеткен талант, наристе кезинен тартып, совет бийлигинин запкысына кабылып, жаштайынан трагедиялуу тагдырга дуушар болгонун көпчүлүк эл түгүл, бирге иштешкен коллегалары да эч качан билишкен эмес.

 

Ричард III Едигей

Советбек алты  жашында, Түптүн Арал айылынын айыл кеңешинин төрөгасы болуп иштеп жүргөн атасы Жумадыл Чодон уулу, көрө албаган  жакын эле туугандарынын биринин тоголок арызы менен  бийдин тукуму делинип,  “эл душманы” аталып өлүм жазасына тартылган. Ошондо Бурул апа, булар да бөөдө зыян болуп калбасын деп коркуп,  кичинкей Сабетбек (бул жерде атайын атасынын жазып калтырып кеткени боюнча атадым  – Ж.К.) менен көкүрөк күчүгү Батыйпаны алып, жан айласы  кылып төркүндөрүнө кире качкан. Ал жерге да көпкө байыр ала албай, Караколго өтүп кеткен. Советбек эрезеге жеткенге чейин Караколдо өскөн. Ошондо да эс тарта баштаган учурдан тартып, киндик кан тамган айылын сагынып, Аралга жашырынып барып, туулган үйүн, ойногон жерлерин  көрүп, кайра кетип жүргөнүнө, ошол кездеги анын кимдин баласы экенин билген айылдаштары далай ирээт күбө болушкан. Ошентсе да Советбек өзү жакын ага-туугандары ким экенин билбей өскөн.

 

Китеп

Бугунун Белек уруусунан тараган Арал айылынын тургундары да атактуу артист алардын тууганы экенин С. Жумадылов алтымышка келгенде гана билишкен.

Ушундай драмалуу тагдыр бул албан талантты бала кезинен бери дээрлик өмүр бою коштоп жүрүп олтурган…

Бул китеп улуу артисттин мына ушундай эки тагдырынан, айрыкча профессионалдуу чыгармачылык дүйнөсүнөн кеңири баян этет».

 

Советбек Жумадыловдун кичүү уулу Марат жубайы Азиза жана уул-келиндери, небереси Умай

Редакциядан: «С. Жумадылов 1931-жылы 6-февралда жарык дүйнөгө келген экен. Бул тууралуу атасы Жумадыл Чодон уулу өз колу менен жазып калтырган» деп жазат Жаныш Кулмамбетов.