Кыргызстандыктардын 32 пайызы президент Садыр Жапаровго ишенет. Мындай маалымат Center for Insights in Survey Research (CISR) Эл аралык республикалык институттун буйрутмасы менен SIAR Research and Consulting компаниясынын изилдөөсүндө көрсөтүлөт.

Изилдөө 6-16-июль аралыгында мобилдик жана үй телефондору аркылуу интервью жолу менен жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 18 жана андан жогору жаштагы 1 миң 211 кыргызстандык катышты.

“Кайсы саясатчы же коомдук ишмерге көбүрөөк ишенесиз?” деген суроого кыргызстандыктардын 32 пайызы Садыр Жапаровду айткан. Андан кийин Камчыбек Ташиев (24%), Нуржигит Кадырбеков (9%), Адахан Мадумаров (6%), Улукбек Марипов, Артём Новиков, Өмүрбек Бабанов, Дастан Бекешев (4%), Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Жанар Акаев, Мелис Мырзакматов, Темирлан Султанбеков (2%), Ассоль Молдокматова, Аскар Акаев, Сапар Исаков, Бабур Төлбаев, Мыктыбек Арстанбеков, Сооронбай Жээнбеков, Сыймык Жапыкеев, Жылдызкан Жолдошева, Жаныбек Абиров, Бакыт Төрөбаев (1%) турган.

Ал эми сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы эч кимге ишенбей турганын айткан.