Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Ысык-Көл облусу:

— Ысык-Көл райондук сотуна:

Акматова Мээрим Маматкадыровна;

Жусупбекова Космира Айтакуновна;

–Түп райондук сотуна:

Астаев Батырхан Алтынбекович;

– Тоң райондук сотуна:

Сыдыгалиева Асел Бабановна;

–  Жети-Өгүз райондук сотуна:

Шаршеев Адилет Нуркамильевич;

– Бишкек шаары;

– Биринчи май райондук сотуна:

Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.