“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нури уйумунун демөөрчүлүгү астында, жалгыз бой жашаган, жумушсуз жесир аялдарга колдоо көрсөтүү максатында “Өнөрлүү айымдар” долбоорун ишке киргизүүдө. Бул тууралуу аталган Фонд маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, көп балалуу, жалгыз бой энелердин үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүү максатында тигүүчүлүккө жөндөмү бар айымдарга атайын бир айлык курс уйуштурулуп ар бир бүтүрүүчүгө сертификат менен тигүүчү машиналар белекке берилет.

Долбоорго 100 айым катышат. Алардын 70ине түз тигүүчү машина ал эми 30уна 5 жиптүү машиналар берилет. Мындан сырткары ар бирине 10 метр кездеме жана керектүү болгон шаймандары дагы кошо камсыздандырылат. Программага катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүк менен алектенип келечекте үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табуусуна  шарт түзүлөт.

“Ассанабил” ККФну мындан сырткары дагы ушундай социалдык долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Эскерте кетсек жалпы республика боюнча 120 жерге медициналык клиникалар, 55 орто мектеп имараттары  курулуп, муниципалдык менчик кызматына өткөрүлүп берилди.

Программа 27-август саат 11:00дө башталат. Түштүк магистралдагы Айша мечитинин жанындагы (офис Ассанабил) футбол майданчасында болот.

Дареги: 12-кичи району, 52/1а