Бүгүн, 26-августа Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын 10го жакын тургуну Бишкек шаарынын Жогорку Соттун алдына акыйкаттык издеп, соттордун адилеттүү чечим чыгарышын талап кылышты. Алардын башкы мүдөөсү өздөрүнүн айылындагы колхоздон калган мүлктү элдин пайдасына чечип берүү.

Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Жолдошбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан аймагы боюнча 1996-жылдары колхоз-совхоз бөлүнүп баштаганда Бакай-Ата районундагы “Күмүш так” колхозу 5 чарбага бөлүнүп, алар дагы майда чарбага бүлүнүп кеткен.

“Боо-Терек айылынын айрым тургундары майда чарбанын ичинен “Фрунзе” чарбасына ээлик кылышкан. Ошол убакта бөлүнбөй кеткен 3 мүлкүбүз калып кеткен эле. Алар, мебельний цех, 5 гектар бак, ири дүкөн. Аны ошол жылдары саталы десек ала турган эч ким чыкпагандыктан кийин сатабыз деп калтырып койгонбуз. Орто жолдон биздин эле айылдын тургуну Акпараалы Каралтаев биздин колхоздо бир дагы күн иштебей, мүлкүбүзгө жасалма документ даярдап, өзүнүн карамагына өткөрүп, чекесинен сатып жибериптир. Муну биз кийин билип калып, райондук сотко арыз менен кайрылдык. Соттук экспертизада жасалма документ экени аныкталып, акыйкат чечим чыгарып берген. Кийин облустук сотто дагы кайрылып ал жерден дагы калыс чечим чыгарды”,-деди Жолдошбек Осмонов.

Боо-Терек айылынын дагы бир тургуну Сагынбүбү Очорбаева жолдун узактыгына карабай кары-картаңдар өз мүлкүнө ээ болуу үчүн, 4 жылдан бери соттордон калыстык издеп келгенин, бүгүнкү сотто Жогорку сот адилеттүү чечим чыгаарына үмүт артып жатканын кошумчалады.

“Күмүш так” колхозуна канча жыл өмүрүн арнап, ак кызмат өткөгөндөрдүн мээнеттери күйүп, мүлкүнөн ажырап атайын Бакай-Ата районунан Бишкекке Жогорку сотто акыйкаттык издеп келдик. Биздин үлүшкө деп бөлүнгөн 16 адамга таандык дыйкан чарбанын мүлкүн бир адам жеке кызыкчылыгынан пайдаланып, өзүнүн жакындарына сатып жиберген. Ошол мүлкүбүздү биздин кызыкчылыгыбызга чечилишин талап кылып, соттордон акыйкаттык издеп келдик”,-деди Сагынбүбү Очорбаева.

Ошентип бүгүнкү соттун отурумунда жогорку маселе боюнча ишти караган Жогорку Соттун судясы Абылай Мухамеджанов акыркы чечимди чыгарып, райондук жана облустук соттун чечимин күчүндө калтырып, акыйкат чечим чыгарып берди.