Эртең, 28-августта президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барат.

Иш сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасында тажиктердин кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылында жаңы курулган үйлөрдү ээлерине тапшырат.

Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата дагы 140 үйдү куруп бүтүү пландалууда.

Ошондой эле Арка, Интернационал жана Сады айылдарында турак үйлөрдү куруу иштери уланууда.

28-апрелде Баткен районунун чек арада жайгашкан Көк-Таш айылында Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тараптын видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусу менен уланган. Чек арадагы абал 1-май күнү түштөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугуп, протоктол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.

28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.