Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Темирлан Султанабековго кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо максатында ИИМдин, Чүй облусунун борбордук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринин ичинен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Милициянын берген маалыматына ылайык, кечээ, 26-августта Темирлан Султанбеков Фейсбук баракчасы аркылуу саат 01:30 чамасында белгисиз адамдар белгисиз курал менен анын машинасына ок чыгарышканын жазган. Ошол эле учурда окуянын кайда болгону көрсөтүлгөн эмес.

Билдирүү социалдык тармактарда тараган соң, милиция окуя Аламүдүн районунун аймагында болгонун аныктады.

Султанбеков өзү 26 -августта саат 18:30 чамасында облустук ички иштер органдарына кайрылып, белгисиздерге чара көрүүнү суранган.

Факты EРППДе «Бейбаштык» беренеси боюнча катталган.

Сурак учурунда Султанбеков түшүндүргөндөй, ал 26-августка караган түнү Кой-Таш айылынын бир көчөсү менен түштүктү көздөй А.Бнын башкаруусундагы Nissan X-TRAIL унаасы менен бараткан. Жолдо уктап калып, ал отурган машинанын оң капталындагы терезенин катуу кагылышынан ойгонуп кеткен. Андан кийин, алар токтобостон, жогорку ылдамдыкта К.А.нын үйүнө келишкен, алар арткы оң терезенин айнеги сынганын аныкташкан.

Ошол эле учурда Султанбеков өзү жана анын айдоочусу денесине залал келбегенин жүйө келтирип, соттук -медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.

Полиция окуя болгон жерди, ошондой эле унааны карап чыгып, капталдагы терезенин айнеги талкаланганын аныкташкан.

Жыйынтыгында соттук -медициналык экспертизалар жана башка экспертизалар дайындалды.

Бул иш Ички иштер министрлиги жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.