“Өнөрлүү айымдар” долбоору  алкагында “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду 100 айымга тигүүчү машиналарды берди. Бул тууралуу аталган фонддон  билдиришти.

Жалгыз бой жашаган, жумушсуз жесир аялдарга колдоо көрсөтүү максатында “Ассанабил” ККФду  Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нури уйюмунун демөөрчүлүгү астында   “Өнөрлүү айымдар” долбоорун ишке киргизүүдө.

Көп балалуу, жалгыз бой энелердин үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүү максатында, тигүүчүлүккө жөндөмү бар айымдарга атайын бир айлык курс уйюштурулуп ар бир бүтүрүүчүгө сертификат менен тигүүчү машиналар белекке берилди.

Долбоорго 100 айым катышкан. Алардын 70не түз тигүүчү машина ал эми 30на 5жиптүү машиналар берилди. Мындан сырткары ар бирине 10м кездеме жана керектүү болгон шаймандары дагы кошо камсыздандырылган. Программага катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүк менен алектенип, келчекте үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табуусуна  шарт түзүлөт

“Ассанабил” ККФну мындан сырткары дагы ушундай социалдык долбоорлорду ишке ашырып келүүдө.

Эскерте кетсек жалпы республика боюнча 120 жерге медициналык клиникалар, 55 орто мектеп имараттары  курулуп муниципалдык менчик кызматына өткөрүлүп берилди.