Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта, Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн заманбап жаңы имаратын көрүп чыкты.

Мамлекет башчысына Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн эски имаратынын курулганына 80 жылдан ашканын, анын 2011-жылдын июнунда жер титирөөдөн катуу жабыр тартканын маалымдашты. Жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул имаратты колдонууга жараксыз деп тапкан. Бирок милиция кызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салып анда иштөөнү улантышкан.

Учурда аянты 2 миң чарчы метрге жакын эки кабаттуу заманбап имараттын курулушу толугу менен бүткөрүлдү.

Президент куттуктоо сөзүндө бүгүн Кадамжай районунун тургундары, ошондой эле жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн өзгөчө күн экенин белгиледи.

Анын айтымында, эски имарат кызматкерлерге гана ыңгайсыздыктарды жаратпастан, жарандарды кабыл алууда да бир катар көйгөйлөрдү жараткан.

«Бул маселелер эми чечилди. Негизинен коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана сапаттуу иштерди жасоо иш шарттарын түзүүдөн башталат. Биз мындан ары да ички иштер органдарынын материалдык-техникалык инфраструктурасын жакшыртууну улантабыз,” — деп белгилеген Садыр Жапаров, РИИБде түзүлгөн жаңы иш шарттары адамдардын коопсуздугун камсыздоодо жакшы натыйжаларды берет деген ишенимин билдирди.

Милициянын негизги милдети — мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо экенин баса белгилеген Мамлекет башчысы, биринчи кезекте, милициянын ишине баа берген жарандардын укуктары жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине жана жетекчилерине жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иштөөнү улантууну тапшырды.

Садыр Жапаров жакын арада укук коргоо органдарынын жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөрүн кошумчалап, баарына бейпил жашоо жана бекем ден соолук каалады.

Президент Садыр Жапаров имараттагы тергөө бөлүмүн, нөөмөт бекетин жана жыйын залын көрүп чыкты. Имараттын ичинде ошондой эле спорт залы, санариптик коопсуздук борбору орун алган. Санариптик коопсуздук борборунда камералар аркылуу район боюнча эл көп чогулган жерлердеги абал реалдуу режимде көзөмөлгө алынып, ал Бишкектеги республикалык борбор менен байланышта болуп турат.

Ошондой эле, тергөөдө камакка алынгандар үчүн заманбап убактылуу кармоочу жай курулган, короосу асфальтталган жана жашылдандырылган.

Белгилей кетсек, Кадамжай району Өзбекстандын төрт облусу менен чектешет жана 200 миңге жакын калкы менен Баткен облусунун эң ири району болуп саналат.