Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 27-28-августта Баткен облусунда иш сапары менен болду.

Баткен облусунда Мамлекет башчысы Лейлек районунун Максат айылында болуп, ал жакта үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуядан жабыркаган 84 үйдүн калыбына келтирилгенин көрдү.
Ушул эле айылда Садыр Жапаровго калыбына келтирилген социалдык инфраструктура, участкалык милиция бөлүмү, фельдшердик-акушердик пункту, мектеп жана анын футбол талаасы, ошондой эле ар бир үйгө муздак жана ысык суу киргизилгени, көчө жарыктандыруусу жана асфальтталган жол көрсөтүлүп, тааныштырылды.

Андан соң Садыр Жапаров Лейлек районунда аймакты коңшу өлкөлөрдөн толук көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген «Раззаков» көмөк чордонун ишке киргизди.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Президент кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн Баткен шаарында жеке курулуш компанияларынын көмөктөшүүсүндө курулушу аяктап калган 36 турак жай орун алган шаарчага барды.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты. Ири инвестор аны Кадамжай сурма комбинаты менен бириктирип, өндүрүштү калыбына келтирип жана продукция өндүрүүнү көбөйтүү ниетинде.

Ошондой эле Садыр Жапаров 80 жылдан ашуун кызмат кылган имараттын ордуна курулган Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы заманбап имараты менен таанышты.

Садыр Жапаров милиция кызматкерлери үчүн түзүлгөн заманбап иштөө шарттары адамдардын коопсуздугун камсыз кылууда жакшы натыйжа алып келерин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, ар бир иш-чарада Президент жергиликтүү тургундар менен жылуу баарлашып, негизинен социалдык көйгөйлөргө байланышкан алардын суроолоруна жооп берди.

Президент Садыр Жапаров иш сапары аяктаган соң Бишкек шаарына кайтып келди.