“Ынтымак” паркынын экинчи бөлүгү 28-августта ачылды. Парктын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана башка аткаминерлер, шаар тургундары катышты.

Парктын ачылышын улай анда “Мекеним -Кыргызстан” деген аталышта жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, спорттук мелдештер болду.

“Ынтымак” паркынын 2-бөлүгү 1-бөлүгүнө жанаша, Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан. Паркка эки тараптан тең кирип-чыгууга болот. Эки жакта тең майыптыгы бар адамдар үчүн атайын пандустар орнотулуп, шарт түзүлгөн.