Кечээ, 29-августта, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук комплексинде «Урааным Манас!» театрлаштырылган спектакли коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин эң маанилүү тарыхый эпизоддорун, Айкөл Манас, Алымбек датка, Шабдан баатыр, Курманжан датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу мамлекеттүүлүктүн жана көз карандысыздыктын калыптанышына салым кошкон улуу баатырларды жана көрүнүктүү инсандарды чагылдырган чоң театрлаштырылган спектаклин көрдү.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы улуу «Манас» улуттук эпосунда камтылган кыргыз элинин руханий баалуулуктарынын маанисин белгиледи.

Ал кыргыз элинин эгемендүүлүк тууралуу кыялдары жер соорусу атыккан Талас жергеси жана Манастын ыйык руху менен байланыштуу экенин кошумчалады.

Иш-чара атамекендик эстрада өкүлдөрүнүн гала-концерти менен жыйынтыкталды.