Саясий партиялар 3-сентябрга чейин үстүбүздөгү жылы 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирүү бериши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

«Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү дайындалгандан кийин (2021-жылы 3-сентябрь – билдирүү берүүнүн акыркы күнү) 5 күн ичинде КР мыйзамына ылайык, саясий партиялардан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын жана маалыматын көрсөтүү менен БШКга шайлоого катышуу тууралуу билдирүү бериши керек»,-деп айтылат маалыматта.

БШКдан белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар укуктуу.