Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө себепкер болгон Милициянын кайгуул кызматынын кызматкеринин баш коргоо чарасы каралды. Биринчи май райондук соту инспекторду ( Д.Ж.) УКМКнын абагына 2 айга камакка алуу чечимин чыгарганы белгилүү болду.

Окуя 27-августта болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мечиттин жанында болгон. Ок чыгарган инспектор Д.Ж. ошол күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын басма сөз кызматы 29-августта билдирген маалымат боюнча, дагы 3 адам камакка алынды.

Алар:

ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н.; полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э.;

Б.А. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков билдирген маалымат боюнча, Чыңгыздын өлүмүнө байланышкан ишти УКМК тергеп жатат.

Маркум 29-августта акыркы сапарга узатылды.