30-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине арналган иш-чара  “Шумкар” атайын багыттагы полкунда болуп өттү. Салтанаттуу иш-чара мамлекеттик туу көтөрүү жана полктун Күжүрмөн туусун алып чыгуу менен башталды. Андан кийин коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызматтык милдеттерин так жоопкерчиликтүү аткаргандыктары үчүн Ички иштер министринин жана полктун командиринин буйруктары окулуп  кызматкерлер ар кандай медаль жана грамоталар менен сыйланышты.

Андан тышкары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата өздүк курам арасында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чагылдырган дубал-гезиттердин кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып жеңүчүүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Полктун командири милициянын полковниги Султаналиев Аскат Ишенбаевич өздүк курамды салтанаттуу күнү менен өздүк курамды куттуктады. «Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамы-Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси  менен ак дилимден куттуктаймын! Биздин сүйүктүү өлкөбүз ар кандай сыноолорду баштан кечирип мамлекеттүүлүгүн сактай алды. Биздин элибиз эгемендүүлүктү барктаган, эр жүрөк жана айкөлдүгү менен өз Мекенин өзгөчө сүйгөн миңдеген жылдарды камтыган тарыхы бар уулу элдердин бири! Биз баарыбыз Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын көтөрөбүз, өстүрөбүз, чыңдайбыз сыймыктанабыз жана да ынтымак менен биримдикти көз карегиндей сактоого милдеттүүбүз! Өлкөбүздөгү тынчтык, ынтымак жана биримдик ар бир үй-бүлөдөн, алардын коопсуздугун, эл тынчтыгын сактоо биз кызмат кылган тармактан башталат. Болочок муундарга гүлдөгөн, коопсуз, эгемен Кыргызстанды өткөрүп берүү биздин негизги милдетибиз. Ушундай жооптуу милдет Биз сыймыктануу менен кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарына тапшырылган. Бул милдетти аткарууда ар бирибиз кызматыбыздагы жоопкерчиликти сезе билип, мамлекетибизге таза кызмат кылсак, кыргыз милициясынын кадыр-баркы мындан да жогорулайт. Биз Ички иштер органдарынын кызматкерлери эгемен элибиздин тынчтыкта жана коопсуздукта жашоосу үчүн алдыга жүктөлгөн тапшырмалырды жоопкерчиликтүү аткарууда чечкиндүү, эрктүү жана жоопкерчиликтүү болууга чакырам.

Урматтуу кесиптештер! Эгемен Кыргызстандын туусу өлкөбүздүн үстүндө түбөлүккө желбирей берсин! Эгемендүүлүк Кыргызстанга тынчтык алып келсин, жергебизде бейкуттук түбөлүккө орун алсын, мамлекетибиздин алдыга койгон жооптуу милдеттерин аткарууда талыкпас эмгектенүү менен ийгиликтерди багындыралы! Майрамыңыздар кут болсун! Бар болуңуздар, ар бириңиздерге аманчылык, чың ден солук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, элибизге ынтымак каалаймын!»,-деди Аскат Султаналиев.

Иш-чара полктун кызматкерлеринин саптын басуусу менен аяктады.

 

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы