Швейцария Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Оливье Бангертер дайындалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр Руслан Казакбаев Оливье Бангертерди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

«Тараптар алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты. Анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө көңүл бурушту. Өнөктөштөр 2022-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын өзүнчө талкуулашты. Мындан тышкары тараптар кыргыз-швейцар мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты», — деп айтылат маалыматта.