Эл агартуунун отличниги, элдик дарыгер Ташбү Жамиловна социалдык тармактагы баракчасына депутат Төрөбай Зулпукаров үч айдан бери  күнөөсүз кармалып отурганын жазды.

Анын айтымында, эл өкүлүнүнүн «Кумтөр» ишине тиешеси жок, ал айыбы жок кармалып турат деген.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Биздин депутат Төрөбай Зулпукаровду камаганыңарга толук 3 ай болду.

Мыйзамсыз байыса ,байлыгынын тизмесин чыгарбадыңар?

«Кумтөргө» деги тиешеси жок экен!?

Козиного каршы болгону ырас, канчалаган көз жаштар тыйылды!

Буга эле камалбаса керек?

Бизге келген маалыматка таянып, камадык, текшердик, иликтедик , таза экен, чыгардык- деп эле коюңуз Камчыбек Ташиев .

Эл карап ,байкап ,окуп ,угуп ,билип турат , элдин үнүн угуңуздар урматтуу Садыр Жапаров !

Торобай Закировичке боштондук бериңиздер, айыбы жок адамды кармап отурбаныздар калыс  адилет эл башы болуңуздар сураныч.

Эл агартуунун отличниги

Элдик дарыгер

Ташбү Жамиловна», — деп жазган.