Башкы прокурор Курманкул Зулушев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу ведоствонун басма сөз кызматы билдирет.

Башкы прокурордун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кымбаттуу калайык калкым! Урматтуу мекендештер!

Элибиздин эркиндиги, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы – эң башкы дөөлөтүбүз. Мына ушул эгемендүүлүк үчүн канча деген азаматтардын өмүрү кыйылып, нечендеген эрлердин башы канжыгага байланды. Кылым карыткан элибиз канча деген кыйынчылыктарга кабылды. Кыйналды, бирок сынган жок. Чайпалды, бирок төгүлгөн жок. Эгемендүүлүктү эӊсеп, эркиндикти көкүрөктө сактап жүрүп ушул күнгө жеттик. Анткени, биз – азаттыкты сүйгөн адилеттүү элдин урпактарыбыз. Эч качан чөкпөгөн, эрки бекем жана эркин бойдон калган, маданияты каада-салтарында, карт тарыхынын бир барагы санжыраларында камтылган улуу калкпыз. Буга бабаларыбыздын баскан изинен жаралган карт тарых күбө.

Жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар кыргыз баласы үчүн эркиндик каны менен кошо айланган, көөнөрбөс баалуулук экенин ар бирибиз унутпайлы. Анткени, бүгүнкү эгемендүүлүгүбүз кылымдар бою ата-бабаларыбыздын кан-жаны менен корголуп, энелерибиздин көз жашы менен келген. Эркиндикти сактоо ар бирибиздин, мамлекеттүүлүктү бекемдөө – жалпыбыздын ыйык милдетибиз. Ал эми эң ыйык парз — Кыргызстандын көз карандысыздыгын, элибиздин эгемендүүлүгүн ыйык сактап, урпактарга өткөрүп берүү!

Урматтуу мекендештер! Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү элбиз. Өксүгөн сайын өөрчүгөн намыстуу журтбуз. Улуу эл, уңгулуу улут деген наамга татыктуу бололу. Ар дайым асманыбызда асабабыз желбиреп турсун! Өлкөбүздүн ар бир жаранынын жүрөгүндөгү эркиндиги өчпөсүн! Эгемендик майрамыбыз кут болсун!»