Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүүдө эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле региондогу абалды талкуулашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду келе жаткан Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоосу жана каалоолору үчүн Шавкат Мирзиёевге чын дилден ыраазычылыгын билдирип, өз кезегинде аны Өзбекстандын эгемендүүлүк мааракеси менен куттуктады.

Баарлашуунун аягында Президент Садыр Жапаров Кыргызстан мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.