Бүгүн, 31-августка карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө дагы 2 партиядан билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Алар «Ишеним», жана «Улуттар биримдиги»саясий партиялары. Буга чейин алгачкылардын болуп «Социал-демократтар» партиясынан билдирүү келген.
Календарлык планга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар билдирме жибериши керектигин БШК эске салат.
Билдирме берүүнүн акыркы күнү 2021-жылдын 3-сентябрь күнү саат 18:00гө чейин.