Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана  Кыргызстандын элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен бир катар мамлекеттердин башчылары куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президенттер Садыр Жапаровго ден соолук, бакыт жана жоопкерчиликтүү кызматында жаңы жетишкендиктерди, ал эми Кыргызстандын элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.