Билимдүү жаштар – өлкөнүн келечеги. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форумунун жүрүшүндө билдирди.

«Биз жаштардын потенциалын ачуу, алардын инсан катары калыптанышына бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Жаштарга инвестиция салуу керек. Бул келечекте жаштарды аймактарды жана жалпы өлкөнү башкаруу жана өнүктүрүү процесстерине интеграциялоо үчүн мүмкүнчүлүк түзөт. Бул форум прогрессивдүү жаштарды өнүктүрүүнүн, пикир жана сунуштарды алмашуунун натыйжалуу аянтчасы болсун», – деп билдирди ал.

Ош шаарында өтүп жаткан форумга Азербайжан Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Түркия Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан келген жаш делегаттар, активдүү жаштар катышты.

Форумдун максаты – аймакты жана жаштар саясатын өнүктүрүү алкагында тажрыйба алмашуу, аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин боордоштук жана достук мамилесин чыңдоо.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунун ачылыш аземине катышты.

Белгилей кетсек, жаңы окуу корпусунда кесиптик медициналык билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Корпус эң алдыңкы жабдуулар, уникалдуу электрондук китепкана, ошондой эле практикалык билимди бекемдөө үчүн окуу-медициналык тренажерлор менен жабдылган.