БШК шайлоо өнөктүгү баштала турган күндү аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Партиялар жана бир мандаттуу талапкерлер үгүт өнөктүгүн 29-октябрда баштай турганы көрсөтүлгөн. 27 -ноябрда саат 8: 00дө аяктайт.
8 -сентябрга чейин округдук комиссиялар мандатка талапкерлерди ар бир шайлоо участогунун аймагында үгүт материалдарын илип койчу жерлер менен камсыздашы керек.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28 -ноябрга белгиленген.