Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен учурдагы Афганистан Ислам Республикасында болуп жаткан окуяларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын аймагында социалдык тармактарда таралып жаткан ар түрдүү диний-экстремисттик маанайдагы чакырыктарга, постторго, кайрылууларга каршы туруу жана аларды алдын алуу максатында жалпы коомчулуктун арасында түшүндүрүү, агартуу иш-чаралары  уюштурулууда.

Бүгүнкү күндө, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек, Ош шаарынын аймактарында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дин иштери комиссиясынын, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, жергиликтүү диаспоралардын, аксакалдар жана аялдар кеӊшинин, жаштар комитетинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык активисттердин жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда диний экстремизмдин алдын алуу максатында жолугушуулар, семинар, тегерек столдор, кеңешмелер өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган  диний уюмдар жана алардын өзгөчүлүктөрү тууралуу баяндамалар жасалып, видео тасмалар көрсөтүлүп, экстремисттик жана террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргелекте иш-чаралар жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

Аталган иш-чараларды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго тийиштүү укук коргоо кызматкерлери тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча  5000 ге жакын усулдук  буклеттер, эскертмелер таратылды.

Республика аймагында өткөрүлгөн бардык иш-чараларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сакталды.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы