Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин X сессиясы расмий ачылды.

Жыйында депутаттарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктаган төрага Талант Мамытов: “Эгемендүүлүк улуу дөөлөт. Аны көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп кийинки урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Өлкөбүздө тынчтык болуп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин”, – деди.

Ошондой эле төрага бүгүнкү күндөн баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, фракциялардын жана комитеттердин иштери башталарын билдирди.

Эске салсак, 30-июнда Жогорку Кеңештин VIII сессиясынын жабылуу салтанаты болуп, VI чакырылыштын депутаттары эки айлык эс алууга тарашкан болчу.