“Талибан” кыймылы Афганистанды жетектей турган өкмөттүн толук курамын бир жуманын ичинде жарыялайт. Бул тууралуу Талибандын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид «Рейтер» агенттигине берген маегинде билдирген.

Өлкөнүн жаңы башчысы катары «Талибан» кыймылынын негиздөөчүсү Хайбатулла Ахунзада бекитилген.

Ал эми кыймылдын негизги адамдары катары таанылган адамдар да бийликке келди.

Мулла Барадар Тышкы иштер министри, Мулла Омар Якуб Коргоо министри жана Мулла Халифа Хаккани Ички иштер министри болуп дайындалган.

«Талибандын» өкүлү билдиргендей, расмий адамдар буга чейин негизги мамлекеттик мекемелерди башкаруу үчүн дайындалган. Кошумчалай кетсек, талиптер Ооганстандын 34 провинциясынын 33үнө губернаторлорду жана полиция башчыларын дайындашкан.