«Кумтөр голд компани» Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдүн борбордук карьерин суу басып кетти» деген маалыматына жооп кылып, адистердин пикирин жана суу дайыма болуп келгендигин далилдеген фотофактыларды берди. Бул тууралуу маалымат аталган ишкананын сайтына жарыяланды.

Эске салсак, Centerra Gold Inc. алтын казылган Кумтөр кенинде суу борбордук карьерди басып кеткендиктен, ал рудникке жана анда иштегендерге олуттуу коркунуч жаратууда деген билдирүү тараткан. Бул боюнча компания сүрөттөрдү жарыялап, билдирүүгө видеоматериал да тиркеген.

Фото КГК. 22 августа 2011 года

«Тартылган сүрөттөргө таянып, Centerra Кумтөрдүн борбордук карьеринде кеминде 40 метр тереңдиктеги суу топтолгон болуу керек деп эсептейт. Бул кенди Centerra көзөмөлдөп иштеткен 25 жылдан ашуун мезгилдеги топтолгон суунун көлөмүнөн да көп болууда. Мындай кырдаал айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды эсепке албаганда да кендин жана анда иштегендердин коопсуздугуна болуп көрбөгөндөй коркунуч жаратат. Андыктан эксплуатация жана коопсуздуктун көйгөйүн чечиш үчүн токтоосуз чечим кабыл алыш керек деп эсептейбиз», — деп айтылган Centerra Gold Inc. тараткан маалыматта.

Centerra компаниясына жооп кылган «Кумтөр голд компани» карьерде суу дайыма эле болуп келген, ал муктаждыктар үчүн колдонулат деген билдирүүсүн таратты.

Фото КГК. 22 августа 2011 года

«Чынында карьерде суу дайыма эле бар болчу. Ал алтынды кайра иштетүүчү фабриканын муктаждыктары үчүн колдонулуп келген. Бул билдирүү боюнча биз улук инженер, гидрогеолог Кирилл Алексеевдин видеокомментарийин сунуштайбыз», — дешти «Кумтөрдөн».

Ал эми Centerra компаниясынын башкы операциялык директору, «Кумтөр голд компанини» бир нече жыл жетектеген Дэн Дежардендин комментарийин да тараткан.

Ал кендин коопсуз иштеши үчүн карьерге топтолуп калган сууну тазалоо жана сордуруп туруу өтө маанилүү деп билдирген.