Бүгүн, 2-сентябрда, “Мектептердеги окуу чөйрөсүн жакшыртуу” долбоорунун алкагында республикадагы 10 мектепке жабдууларды тапшыруу аземи болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, “Ала-Тоо өнүктүрүү борборунун” президенти Мохаммед Абделькарим, «NAMA» фондунун аткаруучу директору Мубарак Базиед, мектеп директорлору катышып, сөз сүйлөштү.

Nama долбооруна кайрылып, долбоорлорду жазышкан 10 мектеп, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

  • Ноутбук — 18 даана.
  • Көп функциялуу принтер (МФУ) – 7 д.
  • Проектор — 22д.
  • Смарт телевизор 55″ — 16 д.
  • Акылдуу доска — 26 д.
  • Түстүү принтер – 4 д.
  • Экран для проектора — 2 д.
  • Компьютерлер – 19 д.
  • Комплект партталар – 205 д.
  • Мугалимдин столу — 13 д.
  • Мугалимдердин отургучтары – 21 д.
  • Китеп текче — 1 д.